Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Сүйлөшүүдө тараптар Америкага экспорттолуучу кыргыз товарларынын көлөмүн көбөйтүү, эки өлкөнүн соода алакасын жакшыртуу үчүн тоскоолдуктарды жоюу тууралуу сөз кылышты.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 13-мартта кабарлагандай, жолугушууда кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарын Америкада убактылуу ишке орноштуруучу программалары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Кыргызстандык адистердин АКШда мыйзамдуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү билим берүү жана алдын ала даярдоочу программаларды түзүүнү сунуштады.
Элчи Лесли Вигери америкалык инвесторлор Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө кызыгып жатышканын билдирди. Ал тоо арасындагы өлкө жаратылыш байлыктарына жана чет элдик туристтер үчүн кызыктуу маданий баалуулуктарга бай экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар инфратүзүм жана инвестициялык долбоорлорду каржылоонун келечегин да талкуулап, бул багытта жогорку технологиялык товарларды өндүрүүгө зарыл болгон сейрек, баалуу минералдарды казуу ишин өнүктүрүүнү талкуулашты.
АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жашайт. Расмий маалымат боюнча алардын саны 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.
Соңку 2-3 жылдын ичинде АКШга мыйзамсыз барып иштөөгө умтулган кыргызстандыктардын саны көбөйгөн. АКШга барам деп алданып, ара жолдо калган мигранттар да бар. Америкага жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай, артка кайткандар да бар. Өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдейи мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңдейи Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жараны болгон.(ZKo)
Шерине