Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Талант Султанов "Кыргызфармацияга" жетекчи болуп дайындалды


Талант Султанов.
Талант Султанов.

Талант Султановду "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамаатына 12-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тааныштырды. Аны бул кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Талант Султанов Кыргызстанда санариптештирүү менен алектенген "Кыргыз коом" жумуш тобунун координатору болуп иштеген. Ошондой эле Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтту жетектеп турган.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон.

Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу жана Алматыдагы кеңселеринде иштеген. "Казкоммерцбанктын" каржылык директору болгон.

Бир катар банктарда, Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) директорлор кеңешинин мүчөсү болуп жүргөн.

Талант Султанов 48 жашта. Эл аралык мамилелер боюнча Сан-Франциско жана Колумбия университеттеринде окуган. Гарварддын бүтүрүүчүсү. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG