13-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин чек арадагы эки өткөрмө бекети кайра ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Баткен районундагы "Кызыл-Бел" өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы "Кайрагач" бекети эки тараптуу болуп ачылат. Ал эми эки мамлекеттин чек арасындагы калган үч өткөрмө бекетин ачуу этап-этабы менен жүрмөкчү.
“Азаттыктын” Баткендеги кабарчылары азыркы учурда "Кызыл-Бел" жана Кайрагач” өткөрмө бекеттери ачууга даярдык жүрүп жатканын жеринен кабарлашты.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге, суу жана жолду пайдалануу боюнча макулашуулар баштаган документтерге кол коеру кабарлаган.(TAb/JsA/ZKo)
Шерине