12-мартта көк бөрү боюнча Нооруз турниринде адам өлүмү менен коштолгон кырсыкка шектүү катары 42 жаштагы калыс Ш. У. менен 29 жаштагы улакчы А. Ч. кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) 13-мартта маалымдады. Учурда тергөө жүрүп жатат.
12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу, 45 жаштагы Мирлан Сражидинов катуу жаракат алып, каза болгон. Биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын оюнунда “Бөрүлүнүн” номур биринчи катардагы оюнчусу жерден улакты көтөрүп жатканда каршылаш команданын оюнчусу келип ат менен сүздүргөнү тартылган тасма соцтармактарга тараган.
Нооруз турниринин 12-марттагы калган оюндары жылдырылган.
Бул окуя боюнча Ленин РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон.
Милициянын маалыматына караганда, маркумдун баш сөөгү, жаагы, маңдай сөөгү, мурду сынган. Оң көзү чыгып кеткен.
Кыргызстанда көк бөрү оюнунан каза болгондор, жаракат алгандар буга чейин да катталган. 2024-жылы 5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук мелдештин жүрүшүндө 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып, комага түшүп калган. Ага Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасында операция жасалган. 2022-жылдын октябрында Анур Жээнбек уулу Токтогул районунун Совет айылында өткөн көк бөрү оюнунда аттан жыгылып, моюн омурткалары сынып, жүлүнүнө доо кеткен.
Көк бөрү - Кыргызстанда күйөрманы көп улуттук оюндардын бири. Ал ар жылы түркүн майрамдарда, мааракелерде республикалык масштабда да, аймактарда да жеке адамдардын уюштуруусу менен өткөрүлүп келет.
Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев былтыр оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.(ZKo)
Шерине