Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы балдарды 1-2-класска каттоонун башталышы тууралуу алдын ала маалымат бербейт. Анын ордуна баласынын кайсы мектепке катталганы тууралуу билдирүү ата-энесине кол телефонундагы тиркеме аркылуу жиберилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 11-мартта маалымдады.
Анын сөзүнө караганда, балдарды 1-2-класска каттоо жөнөкөйлөтүлгөн, ата-энелерге электрондук почта ачып же башка маалымкаттарды чогултуп убара болуунун кажети жок:
"Биз баарын даярдап койдук. Учурда ата-энелердин идентификациялык номуру аркылуу каттоочу тиркемелердин толук иштелип бүтүшүн күтүп жатабыз. Ата-энелерге телефондогу тиркеме аркылуу баласынын кайсы мектепке катталганы тууралуу билдирүү жиберилет. Ата-энелер бир эле баскычты басуу менен мектепке барыш-барбашын билдире алышат. Биз бардык балдарды мектептерге отургузуп койдук", - деди Самыкбаева.
Министрдин орун басары балдары бөлүнгөн мектепке баруусун каалабаган ата-энелер бул тууралуу 1-июнга чейин маалымдоого тийиштигин, 1-июндан тарта бош орундар бар мектептердин тизмеси жарыяланарын белгилеп, мурдагыдай кезекке туруу болбосун эскертти.
Мурунку жылдары балдарды 1-класска катооо "Мектеп" маалыматтык системасы аркылуу апрель айынан тартып жүргүзүлчү.
Мурдараак маалым болгондой быйылкы жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен мектептин босогосун алгачкы жолу аттаган балдардын бир бөлүгү 1-класска, дагы бир бөлүгү 2-класска отургузулат.
Билим берүү жана илим министрлиги учурда 2025-2026-окуу жылында 1-2-класска кирүүчү балдардын саны такталып жатканын билдирүүдө.
Ушул тапта Кыргызстандагы 2397 мектепте 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (ZKo)
Шерине