Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ош базары” көчүрүлө турган жаңы базар үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн жана азыркы аймакта соода кылууга толук тыюу салынарын билдирди. Бул тууралуу шаар мэри 6-мартта “Ош базарында” көчмө жыйын өткөргөн учурда айтты.
“Эгерде өзүңөрдүн (ред: соодагерлер) келечегиңерди, шартты ойлосоңор мыйзамдуулукка өткүлө деп жатабыз. Себеби, көчүрүлгөндөн кийин базар жабылат. Бул жакта соода кылууга толук тыюу салынат. Курулуш иштери үч айдын ичинде бүтөт деп жатышат. Биз ошону күтүп жатабыз. Мэрияга өткөрүлөрү менен ишти баштайбыз”, - деди ал.
Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылы июль айында турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.
Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен “Манас” эл аралык аэропорту көздөй бараткан жолдун жээгинде жайгашары маалымдалган. Жалпы аянты 162 гектарды түзөт.
Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган жер үч чоң аймакка бөлүнөт. Биринчиси соода, экинчиси өнөр жай жана үчүнчүсү турак жай зонасы болот. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт.
“Ош базарын” шаардын чет жакасына көчүрүү идеясы мурдатан айтылып келген. Бул анын айланасындагы тыгынды азайтуу, калаанын бул бөлүгүн иретке келтирүү жана башка максаттарды көздөй турганы кеп болгон. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыгышкан. (BTo)
Шерине