Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта Улуу Британияга учуп барды. Ал 2-мартта Украинадагы согушка байланыштуу британ премьер-министри Кир Стармер уюштурган Европа лидерлери менен жыйынга катышат.
Европа өлкөлөрүнүн лидерлери жолугушууда согуш токтогон учурда Киевге көрсөтүлө турган кепилдиктерди талкуулашат деп пландалууда.
Улуу Британиянын соода министри Дуглас Александер АКШнын жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин 28-февралдагы Ак үйдөгү жолугушуусун “терең тынчсыздандырган” окуя деп мүнөздөдү. Ал Зеленскийди "Уинстон Черчиллден берки Европадагы эң кайраттуу саясий лидер" деп атады.
Трамп Зеленскийдин бул жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон
Адеп лидерлер Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип, Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишим тууралуу сөз кылышты.
Жолугушуунун соңку бөлүгүндө Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашты.
Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына “ыраазы болбой” жатканын айтты. Трамп Украинанын "аскерлери азайып баратканын", согушта "адамдар өлүп жатканын" белгилеп, Киев ок атышууну токтотуу тууралуу болжолдуу макулдашууну кабыл алышы керек экенин билдирди.
Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткен. Аны улай Трамп: "Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат", - деп билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Fox News телеканалына маек куруп, Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди.
Ал Трампты урматтай турганын жана мамилени "албетте" жөнгө салса болорун, анткени Украина өнөктөшүнөн айрылууну каалабай турганын айтты.
Трамп Ак үйдөгү жолугушуусу жөнүндө журналисттерге комментарий берип, “бул жолугушуу анча ийгиликтүү болгон жок” деди. “Менимче, ал өз мүмкүнчүлүктөрүн абдан жогору баалап койду”, - деди АКШ президенти.
Трамп Украинанын согуш аракеттерин улантуу умтулуусун колдоону каалабай турганын, анын ордуна “туруктуу тынчтык” орнотууну көздөй турганын кошумчалады. (TSh)
Шерине