Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:29

Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү жолугушуу боюнча журналисттерге комментарий беришти


Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. Ак үйдүн Сүйрү залы. 2025-жылдын 28-февралы.
Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. Ак үйдүн Сүйрү залы. 2025-жылдын 28-февралы.

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралдын кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ак үйдөгү жолугушуусу жөнүндө журналисттерге комментарий берип, “бул жолугушуу анча ийгиликтүү болгон жок” деди.

“Менимче, ал өз мүмкүнчүлүктөрүн абдан жогору баалап койду”, - деди АКШ президенти.

Трамп Украинанын согуш аракеттерин улантуу умтулуусун колдоону каалабай турганын, анын ордуна “туруктуу тынчтык” орнотууну көздөй турганын кошумчалады.

Украин лидери Зеленский FoxNews телеканалына курган маегинде Трампты да, Америка элин да урматтай турганын билдирди. Ал мындай “ачык сүйлөшүү” мурдараак өтсө болмок экенин, анда “эки тараптып бири-биринин позициясын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзүлмөктүгүн” айтты.

Зеленский Fox News телеканалына маегинде Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди.

28-февралдагы АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду.

Адеп лидерлер Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип, Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишим тууралуу сөз кылышты.

Жолугушуунун соңку бөлүгүндө Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашты.

Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына “ыраазы болбой” жатканын айтты. Трамп Украинанын "аскерлери азайып баратканын", согушта "адамдар өлүп жатканын" белгилеп, Киев ок атышууну токтотуу тууралуу болжолдуу макулдашууну кабыл алышы керек экенин билдирди.

Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткен. Аны улай Трамп: "Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат", - деп билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG