1-март түнү Орусия армиясы Украинага учкучсуз аппараттар менен чабуул коюп, бир киши набыт болду. Бул тууралуу украин аймактарындагы жергиликтүү бийликтен кабарлашты.
Одесса облустук администрация башчысы Олег Кипер дрон чабуулдарынан бир адам каза болуп, дагы бири жаракат алганын жазды. Анын айтымында, жеке турак жай жана автоунаалар күйүп кетти. Харьковдо дрон чабуулдарынан жети адам жаракат алды.
Жергиликтүү бийлик Орусия армиясы тогуз учкучсуз аппараттан жарандык инфраструктурага чабуул жасаганын, дрондордун бири май куюучу жайга, бири медициналык мекеменин аймагына түшкөнүн билдирди. Бир нече имартта өрт чыккан.
Орусиянын Коргоо министрлиги комментарий берген жок.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, Орусия Украинага кол салган 2022-жылы 24-февралдан баштап үч жылдын ичинде өлкөдө 12 миңден ашык адам өлүп, 28 миңден ашыгы жарадар болду.
Шерине