Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы Орусиядан мекенине алып келди. Бул тууралуу 28-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Эми бул балдарды жакындарына өткөрүп берүү иштери жүргүзүлөт. Министрлик балдар кандай шартта кароосуз калганын ачыктаган жок.
Жылына Орусиядан бир нече баланы кайтаруу ишке ашып келет. 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылган. Акыркы үч жылда - 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 12 бала, 2024-жылы 21 бала алып келинген.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Орусияда 230 миңдей кыргызстандык мигрант бар. (TSh)
Шерине