Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:10

Зеленский Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен алака жөнгө салынарына ишенерин айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Fox News телеканалына маек куруп, Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди.

Ал Трампты урматтай турганын жана мамилени "албетте" жөнгө салса болорун, анткени Украина өнөктөшүнөн айрылууну каалабай турганын айтты.

Зеленский АКШнын колдоосу болбосо Кремлдин аскердик күчүнө туруштук берүү Украина үчүн оор болорун айтып, Киев орус аскерлери кайрадан басып кирбейт деген коопсуздук кепилдиги болмоюнча Москва менен сүйлөшүүгө барбай турганын белгиледи.

"Украина тынчтыкты каалайт жана бизде тынчтык болот", — деген украин президенти тынчтык "акыйкат жана бекем" болушу керек экенин айтты жана сүйлөшүү жүргүзүү үчүн "биз күчтүү позицияда болушубуз зарыл" деп кошумчалады.

Зеленский бүгүн 1-мартта Улуу Британияга учуп кетти. Ал жекшембиде Лондондо Украина боюнча Европа лидери менен жыйынга катышат.

28-февралдагы АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду.

Адеп лидерлер Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип, Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишим тууралуу сөз кылышты.

Жолугушуунун соңку бөлүгүндө Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашты.

Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына “ыраазы болбой” жатканын айтты. Трамп Украинанын "аскерлери азайып баратканын", согушта "адамдар өлүп жатканын" белгилеп, Киев ок атышууну токтотуу тууралуу болжолдуу макулдашууну кабыл алышы керек экенин билдирди.

Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткен. Аны улай Трамп: "Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат", - деп билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG