Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Skype видео байланыш сервиси өз ишин май айында токтотот


Microsoft компаниясы Skype видео байланыш сервисинин ишин май айында токтото турганын жарыялады. Кардарларга ушул эле компанияга таандык заманбап Teams кызматына өтүү сунуш кылынды.

Корпорациянын билдирүүсүндө айтылгандай, Teams мессенжерден кат алышууга, видеодон чалууга, видео конференция уюштурууга, интернет-жамаат түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Microsoft бул сервис иш үчүн ыңгайлуу деп эсептерин, эки жыл ичинде колдонуучулар анын ишин оң баалаганын белгиледи.

Компания жакын арада контакттарды жоготпостон Skype платформасынан Teams платформасына өтүүнүн жол-жоболорун иштеп чыкмакчы. Бул кызмат бекер болот.

Дүйнөнүн ар кайсы жеринде жүз миллиондогон киши колдонгон Skype өз ишин 5-майда токтотот.

Швеция, Дания жана Эстониядагы адистер иштеп чыккан бул кызмат 2003-жылы пайдаланууга кирген. 2011-жылы аны Microsoft 8,5 млрд долларга сатып алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG