Жалал-Абад шаарында мектепти куруу учурунда 6 млн сомдон ашуун акчаны ыйгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынын Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айдин Дегенбаев "Азаттыкка" билдирди. Ал ишти учурда УКМК тергеп жатканын кошумчалады.
"Жалал-Абад шаарынын Масадан айылындагы Фуркат атындагы орто мектебин курууда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган. "К" аталышындагы ишкананын кызыкчылыгын көздөп, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 6 млн 321 миң 623 сом зыян келтирилгени аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2- бөлүгү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 379-беренесинин 1-2- бөлүктөрү ("Документтерди жасалмалоо") жана 210-беренесинин 4- бөлүгүндө ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди", - деп билдирди ал.
610 орунга ылайыкталган мектептин курулушу бир топ жыл токтоп калып, кайра 2018-жылы жанданган. Анын сметасы ошол кезде 67 миллион сомго бааланган. Убакыттын өтүшү менен курулуш баалары эске алынып, жалпы 79 млн 936 миң сомго бааланган. Мектеп 2024-жыл бүткөрүлүп, пайдалунууга берилген. (ТВ)
Шерине