Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду


АКШ жана Украина президенттери. Вашингтон, 28-февраль 2025-жыл
АКШ жана Украина президенттери. Вашингтон, 28-февраль 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жума күнкү жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду.

Адеп лидерлер Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип, Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда кол коюлат деп күтүлүп жаткан келишим тууралуу сөз кылышты.

Жолугушуунун соңку бөлүмүндө Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашты.

Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына “ыраазы болбой” жатканын айтты. Трамп Украинанын колунда "карталар жок" экенин, согушта "адамдар өлүп жатканын" белгилеп, Киев ок атышууну токтотуу тууралуу болжолдуу макулдашууну кабыл алышы керек экенин билдирди. Зеленский Украинанын коопсуздугун камсыз кылуучу кепилдиктер зарыл экенин кайталады.

Бул жолугушуудан көп өтпөй Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткенин эл аралык маалымат каражаттары жазышууда.

Аны улай Трамп: "Ал тынчтыкка даяр болгон учурда кайтып келе алат", - деп билдирди.

Натыйжада Украинанын минералдык ресурстарына байланыштуу Вашингтон менен Киевдин ортосундагы келишимге кол коюлган жок. Зеленский дал ушул максатта АКШга келген болчу.

Ага чейин Зеленский эки партиянын тең сенаторлору менен кездешкен.

«Америкага маанилүү сапар. Вашингтондо АКШ Сенатынын эки партиянын өкүлдөрүнөн куралган делегациясы менен жолуктум. Биздин мамлекетке аскердик жардам берүүнү улантуу, тиешелүү мыйзам чыгаруучу демилгелер, президент Трамп менен кездешүү, бекем жана адилет тынчтык орнотуу аракеттери, согушту токтотуу боюнча көз карашыбыз жана коопсуздук кепилдиктери сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары болду», - деп жазган украин президенти социалдык тармактарга.

Эки лидер кол коеру күтүлүп жаткан келишим биргелешкен инвестициялык фонд түзүүгө багытталган болчу.

Фонд Украинадагы жаратылыш ресурстарын, портторду жана тиешелүү инфраструктураны (анын ичинде өкмөттүн кыйыр менчик объектилерин) сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50% алып, аны кайрадан украин экономикасына инвестиция катары салмак.

Украина келишимдин алгачкы версиясына кол коюудан баш тартканы үчүн Киев менен Вашингтондун мамилеси солгундаган. АКШ президенти Киевге берилген жардамдын ордун толтуруу максатында ошондой келишимге кол коюуну сунуш кылган.

Басылмалар келишим АКШнын Украина коопсуздугу боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алышына жол ачышы мүмкүн жана бул согушту токтотуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналарын белгилешкен.

Зеленскийдин визити алдында Трамп украин президентинин дарегине айтылган сынды жумшартты. Ага чейин «шайлоосуз отурган диктатор» деп атаса, бейшембиде БиБиСинин Зеленскийди «диктатор деп эсептейсизби» деген суроосуна: «Мен ошентип айттым беле? Ошентип айтканыма ишенбей турам», - деген жообун кайтарды.

Трамп украин мамлекет башчысын «абдан урматтарын» жана украиналыктардын Орусия менен согуш учурунда көрсөткөн эрдигин жогору бааларын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG