Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Румынияда президенттикке талапкер болгон Жоржескунун ишине байланыштуу 18 киши камалды


Кэлин Жоржеску прокуратурадан чыгап баратат. Бухарест, 26-февраль 2025-жыл
Кэлин Жоржеску прокуратурадан чыгап баратат. Бухарест, 26-февраль 2025-жыл

Румынияда мурда президенттик шайлоого талапкер болгон Кэлин Жоржескунун ишине байланыштуу 18 киши камакка алынганын "Азаттыктын" румын кызматы кабарлады.

Прокуратура 21 кишини камоону өтүнгөн, Дубайда жүрөт деп маалымдалган үчөө сыртынан камалат.

26-февралда румыниялык күч түзүмдөрү Жоржескуга байланышы бар кишилердин 50 чакты турак жайын тинтиген. Прокуратуранын маалыматында, 27 үй жана төрт компания тинтилди.

Саясатчынын жакын санаалашы Горацио Потранын үйүндө курал-жарак, ок-дары, алтын куймалар, накталай акча табылганы маалымдалган. Ал Франциянын чет өлкөлүк легионунда кызмат өтөгөнүн айтып жүрөт. Потра Конго Демократиялык Жумуриятында жалданма кошуунду жетектегени жана "Вагнер" менчик аскердик компаниясы менен баланыштары үчүн айыпталган. Былтыр 8-декабрда аны Румынияда кармашкан. Spot басылмасы ал күнү Потра жана дагы 20 чакты киши “зордукчул аракеттерди ишке ашыруу үчүн” Бухарестке курал-жарак менен баратканын жазган.

Ал эми Жоржеску 26-февралда кармалып, ага конституциялык түзүлүшкө каршы ишмердик, жалган маалымат таратуу, чындыкка коошпогон билдирүү жасоо, ксенофобиялык жана анисемиттик топторду түзүү күнөөсү тагылды. Сурактан кийин саясатчыны өлкөдөн чыкпоо тилкаты менен кое беришти.

Орусиячыл жана ашынган оңчул көз караштары менен белгилүү, калың элге анча таанылбаган Жоржеску 24-ноябрда президенттик шайлоонун биринчи айлампасын күтүүсүздөн жеңген.

Румыниянын Конституциялык соту жергиликтүү атайын кызматтын анын шайлоо өнөктүгүнө Орусия кийлигишкени боюнча далилдерине таянып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.

4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия Тик Токто Жоржескуну колдогон ири кампания жүргүзгөн.

Орусия Румыниядагы шайлоого аралашканы тууралуу айыптоону четке кагып келет.

10-январда Жоржескунун адвокаттары Конституциялык соттон чечимин өзгөртүүнү, биринчи турдун жыйынтыгын калтырууну өтүндү.

Кайра шайлоо майдын башына белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG