Кара-Суу районунун мурунку акими Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 28-февралда жарыяланды.
Башка жарлыкка ылайык, Баткен шаарынын мурунку мэри Имамназар Бурканов Жайыл районунун акими болуп дайындалды.
Абыкеевди былтыр 26-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комити көп суммада пара алууга шектүү катары кармаган. Атайын кызмат Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө анын катышы бар экени тууралуу маалымат түшүп, териштирүүдө ал пара алганы аныкталганын кошумчалаган. Ош шаардык соту 23-июлда аны тилкат менен абактан бошоткон.
12-августта Абыкеев акимдиктен бошотулганын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдаган.
Быйыл 18-февралда “Кактус Медиа” басылмасы Ички иштер министрлигине таянып, Абыкеевге козголгон кылмыш иши “далилдин жетишсиздигинен” кыскарганын жазды.
40 жаштагы Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунда айыл өкмөт башчысы, Ош облусунун Чоң-Алай районунда аким болуп иштеген. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.
Ал эми Имамназар Бурканов Жогорку Кеңештин экс-депутаты, президенттин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун бир тууганы.
Шерине