Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

АКШ Тайланддын 40 уйгурду Кытайга кайтаруу чечимин сындады


Бээжиндеги аэропорт. Иллюстрация
Бээжиндеги аэропорт. Иллюстрация

Трамп администрациясы Тайланддын 40 уйгурду Кытайга кайтаруу чечимин сындап, башка өлкөлөрдү башкалка издеген уйгурларды артка жөнөтпөөгө чакырды. Ак үй Бээжинди буга чейин депортацияланган улуттук азчылык өкүлдөрүнүн абалын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө үндөдү.

Мамлекеттик катчы Марко Рубио “Тайланд өкмөтү Кытай бийлиги уйгурлардын укуктарын канчалык коргоп жатканын текшерүүгө тийиш”, - деп билдирди.

Өз кезегинде Австралия уйгурлардын күчтөп Кытайга кайтарылышын катуу сындады. Жума күнү тышкы иштер министри Пенни Вонг алар туш болгон мамилеге тынчсызданып жатканын айтты. Австралияда миңдеген уйгур отурукташкан.

Бейшембиде Тайландда он жылдан ашык убакыт бою кармалып турган уйгур эркектер Кытайга депортацияланган.

Өткөн айда алар коомчулукка кайрылып, депортацияны токтотууну суранышкан. Алардын жүйөсүнө караганда, Кытайда түрмөгө камалып же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Тайланддык мыйзам чыгаруучулар жана эл аралык уюмдар бул өлкөнүн өкмөтүн аларды депортациялабоого чакырып, эгер ошондой чечим кабыл алынса адам укуктарын одоно бузуу болорун эскертишкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 27-февралда уйгурлардын депортацияланышын “эл аралык укуктарды жана стандарттарды ачык түрдө бузуу” деп атады.

Кытай элчилиги Фейсбукта билдирүү таратып, 40 кытай жараны атайын чартердик учак менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына кайтарылганын билдирди.

Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы бул адамдар “кылмыштуу топтордун алдоосуна кабылып”, Тайландда калып калышканын кабарлады.

Бээжин уйгурларды “экстремисттер” деп атап келгени менен бул боюнча эч кандай далил келтирген эмес. Батыш мамлекеттери жана уйгур активисттери бул айыптоолор негизсиз экенин билдирип, аларды Кытайга кайтарбоону талап кылышкан.

Укук коргоочу уюмдар Бээжинди Шинжаңдагы уйгурларды, башка мусулман азчылыктарды кордоп жатканы үчүн айыптоодо. Кытай бийлиги дооматтарды четке кагууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG