Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун А.А.Н. аттуу тургуну азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүндөгү өрттү уюштурууга шектелип кармалганын бүгүн 28-февралда кабарлады. Атайын кызмат шектүү 2011-жылдан бери милициянын каттосунда турган, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү экенин белгилеген.
УКМКнын маалыматына караганда, А.А.Н. 2025-жылдын 11-январынан тартып Орусиянын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан "Мурас" жана "Мурас 2" азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Кылмышты жасоого А.А.Н. менен дүкөндөрдүн ээси Б.З.Т. ортосундагы жеке кастык мамилелери негиз болгон жана өч алуу максатында ушундай жолго барган. Материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түздү.
УКМК буга чейин бул фактыга байланыштуу Ош облусунун тургундары З.А.Т., К.А.Т., Н.у.У. жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, бул иште ортомчулук кылган Ала-Бука районунун А.Н.З. аттуу жашоочусу кармалганын кошумчалады.
Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кармалгандардын жакындары жана адвокаттар комментарий бере элек.
УКМК төрагасы Ташиев 16-январда Бишкекте билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушууда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операцияда жок кылынганы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ошол маалда кылмыштуу топтор тамырлашып кеткенин айткан.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Мындан бир айдан кийин, 2-ноябрда Ташиев Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
Ошол эле жылы 11-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун "мафиясына байланышы бар" деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек. (КЕ)
Шерине