Орусиянын Франциянын Марсель шаарындагы башкы консулдугунун аймагында болгон жардырууга байланыштуу эки киши кармалды. Бул тууралуу La Provence гезитине жана шаардык полициядагы булактарына таянып BFMTV телеканалы кабарлады.
Маалымат каражаттары жазгандай, кол салгандар 24-февралдын кечинде Орусиянын Украинага согуш ачышынын үч жылдыгына арналган акцияга катышкан. Иш-чара Марселдин мэриясынын алдында өткөн.
La Provence басылмасы белгилегендей, ал акциянын эки катышуучусу тергөөчүлөрдүн "өзгөчө кызыгуусун жараткан". 40 жана 50 жаштагы эки шектүүнү уюшкан кылмыштуулук жана атайын кылмыштар боюнча бөлүмдүн кызматкерлери суракка алып жатышат. Аларды 24-февралдын таңында, консулдукка чабуул жасалган учурда тартылган видео тасмалар аркылуу аныкташкан.
Маалыматтарга ылайык, имараттын аймагына күйүүчү май куюлган үч желим бөтөлкө ыргытылган, алардын экөө жарылган.
Окуя болгон жерде саперлор жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери иштеп жаткан маалда орус консулдугунун кызматкерлери "имараттын ичинде изоляцияда" болушканы кабарланды.
Кол салуудан эч ким жабыркаган жок. Окуяны Франциянын жана Орусиянын Тышкы иштер министрликтери айыптады.
Шерине