Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Орус армиясы Украина аймагына "Шахед" дрондору жана канаттуу ракеталар менен чабуул койду


Орус армиясынын дрон соккусунун кесепети. Киев. Ноябрь, 2024-жыл.
Орус армиясынын дрон соккусунун кесепети. Киев. Ноябрь, 2024-жыл.

Орус армиясы 25-февралга караган түнү бою Украина аймагын "Шахед" дрондору жана канаттуу ракеталар менен аткылады. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.

Канаттуу ракеталар Саратов облусундагы Энгельс шаарынын аймагынан Ту-95 стратегиялык учагынан кое берилип, багытын бир нече жолу өзгөрткөн.

"Шахед" дрондору менен чабуул түнү бою Украинанын бир нече облусуна жасалды. Сокку коркунучу тууралуу эскертүү Киев, Харьков, Днепропетровск, Херсон, Донецк, Николаев, Житомир, Винница жана Чернигов облустарында жаңырды.

Киев облусунун аскердик администрациясы Обухов районунда учкучсуз аппараттын соккусунан жергиликтүү тургун жараат алганын маалымдады. Фастов районунда менчик үйлөргө залака келтирилген.

Херсон аскердик администрациясы бир нече жолу абадан коркунуч тууралуу эскертүү берди.

Ушул эле түнү Орусиянын Коргоо министрлиги украин дрондорунун чабуулу жөнүндө билдирип, алардын 19у атып түшүрүлгөнүн кошумчалады. Маалыматка караганда, учкучсуз аппараттардын көбү Брянск облусунун үстүнөн жок кылынган.

Орусия Украинага согуш ачканына 24-февралда туура үч жыл болду. Бул убакыт ичинде көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.

Ошол эле маалда Орусиянын аймагы дагы утур-утур дрон чабуулуна кабылып келет. Кремль кол салууну Киевден көрөт. Украин бийлиги айрым учурда гана жоопкерчилик албаса, негизинен комментарий бербейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG