Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

26-февралдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


26-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метр, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 1…3° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG