Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиев айыл жерлериндеги клубдар менен китепканаларды бириктирип, бир мекеме катары түзө турганын билдирди. Ошондой эле ал "Манас" эпосунун негизинде мультсериал тартууга аракет көрүлөрүн маалымдады.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 25-февралдагы жыйынында Мамбеталиевдин министрлик кызматка талапкерлигин карап, бир добуштан колдоду.
Жыйында депутат Дастан Бекешев “Манастын” идеологиясын жайылтууда жаш муундун мүдөөсүн эске алып, заманбап аракет көрүүгө чакырды.
“Тиктокту жаап коюу чечими кимдир бирөөгө жакшы болдубу? Жок. Биз ал аркылуу өлкөбүздү таанытып, кооз табиятыбызды дүйнөгө көрсөтө алмакпыз. Сиз жаштар менен көбүрөөк баарлашсаңыз, алар өздөрү сизге идея беришет. Ишенип коюңуз, он жыл мурда Бек Борбиевди уккандар көп болсо, азыр Мирбек Атабековду, Бакрды, Улукманапону көп угуп калышты. Убакыт, муун алмашып атат. Жаңы муун он айдан кийин дагы башканы угат, бөлөк фильмдерди көрөт. Адаттар, баалуулуктар улам өзгөрөт. Бул баалуулуктар менен биздин маданиятыбызды жуурулуштуруу керек”, - деди Бекешев.
Министрлик кызматка сунушталган Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин бүтүргөн. Эмгек жолун 2003-жылы Өкмөттүн ишкердикти өнүктүрүү боюнча комиссиянын жетектөөчү адиси болуп баштаган.
2008-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда бөлүм башчы, кийин Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында иштеген. Кийинки жылдары Ишкердикти өнүктүрүү фондунда бөлүм башчы, каржы директору болуп турган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп, кийин 2017-жылга чейин Кыргыпатент ишканасында коррупцияны алдын алуу боюнча өкүлү болуп турган.
2018-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси, ошол эле жылы президенттин №2 мамлекеттик резиденциясына которулган.
2022-2023-жылы БШКнын аппарат жетекчиси, 2023-2025-жылдары президенттин администрациясында иштеген.
Мамбеталиев 21-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Бул кызматты ээлеп турган 53 жаштагы Алтынбек Максүтов 2022-жылдын 3-октябрында министр болуп дайындалган. Ал 2014-2016-жылдары да бул кызматты аркалаган.
Шерине