Европалык мамлекеттер өз коопсуздугу үчүн өз алдынча кам көрүшү керек. Мындай пикирин 24-февралда Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата кайрылуусунда айтты.
Чехиялык өкмөт башчы АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн тышкы саясатын кескин өзгөрткөнүн, буга европалык мамлекеттер реакция кылышы керектигин белгиледи.
“Эл аралык тартип коммунизм кыйрагандан бери эң чоң өзгөрүүлөргө дуушар болууда”, - деди Фиала. Ал Трамптын Украинага карата мамилеси АКШнын Европадан саясий чегинүүсүн билдирерин айтты.
Бирок ал “Бул АКШ мындан ары өнөктөш болбой калды дегенди билдирбейт”, - деп кошумчалады.
Фиала Орусия мурункудай эле чоң коркунуч жаратып жатканын, ага каршы күрөшүү үчүн күчтүү жана чечкиндүү болуу керектигин да баса белгиледи.
Чехия алдыдагы бир нече жылда коргонуу үчүн чыгымдарын ИДПнын 3% чейин көтөрө турганын кошумчалаган өкмөт башчы Европа Биримдиги курал-жарак сатып алууну шарттай турган жаңы эрежелерди кабыл алышы керектигин айтып, бирикмеге мүчө өлкөлөр Орусиянын камакка алынган капиталын мындан ары Украинага жардамга жумшашы шарт экенин кошумчалады.
Прага согуш башталган күндөн бери Киевге аскердик жана гуманитардык жардам көрсөтүп, жүз миңдеген качкынды кабыл алган. Чехия Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими Киевдин катышуусусуз кабыл алынбашы керектигин жактап жатат.
Шерине