Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Транспорт департаментинин башкы адиси пара алууга шектелүүдө


Сүрөт УКМКдан алынды.
Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башкы адиси А.Т.Т. пара алууга шектелип кармалганын 22-февралда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен 18-февралда кармалган. Ал көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсү аркылуу коркутуу менен акча талап кылган деп шектелип жатат.

“А.Т.Т. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган”, - деп билдирди УКМК.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 19-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

Кармалган шектүүнүн жакындары же адвокаттары, Бишкек мэриясынын транспорт департаменти азырынча комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG