Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Барскоондо окуучу кыздын өлүмүнө шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда асынган абалда табылып, кийин ооруканада каза болгон окуучу кыздын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул маалыматты облустук милиция “Азаттыкка” ырастады. Шектүү эки айга убактылуу тергөө абагына камалды.

Ысык-Көл облусунда 18 жаштагы кыздын өлүмү иликтенип жатканын 19-февралда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 5-февралда болгон, Барскоон айылынын 2007-жылы туулган жашоочусу жипке асынып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Кыз абалы жакшы болбой, ооруканада көз жумган.

Милиция Барскоон айылындагы орто мектептин спорт (күрөш) залында темир турникке асынган абалда табылган кызды дене тарбия мугалими көрүп калып, жипти чечип, өмүрүн сактап калууга аракет кылганын кабарлаган. Тез жардам чакыртылып, кыз алгач жергиликтүү, кийин Бишкектеги ооруканага жеткирилген.

Kaktus.media кылмышка шектелип дене тарбия мугалими кармалганын жазды. Муну милиция ырастаган жок.

Шектүүнүн жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.

Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) боюнча иш козгогуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө уланып жатат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG