Болгариянын борбору Софияда орусиячыл деп аталган ашкере улутчул “Кайра жаралуу” ("Възраждане") партиясынын бир нече миң тарапкери Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнө чабуул коюуга аракет кылышты. Алар имараттын кире беришиндеги эшигин өрттөп салышкан. Полиция менен кагылышуу болду.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бери дегенде алты киши кармалганын “Азаттыктын” болгар кызматына билдирди. Баштапкы маалыматтарга караганда, полициянын ондой кызматкери жараат алды.
Башаламандык Болгария бийлигинин улуттук валюта левден еврого өтүү пландарына каршы нааразылык акциясы учурунда болду. Өкмөткө каршы митингге катышкандар: “Еврого - Жок!”, “Отставка!” деп кыйкырып жатышты. Полиция сүрүп чыгарганча демонстранттар Евробиримдиктин миссиясынын имаратына кызыл боёк, жумуртка, петарда жана күйүүчү заттарды ыргытышты.
Болгар өкмөтү бул кол салууну айыптады. Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө “демонстранттардын аракети мыйзамга каршы келери” белгиленди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Ишемби күнкү нааразылык акциясы Евробиримдикке мүчө Болгариянын Борбордук банкынын имаратынын алдында башталган. Ал жерде чогулгандар Европа Борбордук банкынын төрагасы Кристин Лагарддын жана башка расмий адамдардын сүрөтүн өрттөштү. Айрымдары Болгариянын, жоюлуп кеткен СССРдин жана ГДРдин желектерин желбиретсе, башкалары “Биз еврону каалабайбыз” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп жүрүштү.
“Кайра жаралуу” партиясынын жетекчиси Костадин Костадинов акция “эркиндикти коргоо” максатында уюштурулганын билдирди. “Биз Болгариянын финансылык көз карандысыздыгы бузулушун калаабайбыз” деди ал.
Болгариянын өткөн айда былтыркы октябрь айындагы кезексиз шайлоодон кийин бекитилген жаңы өкмөтү келерки жылы евроаймакка кирүү милдетин дагы бир жолу ырастады.
Анткен менен болгар коомунун пикири бул багытта бөлүнүп калды. Көбү еврого өтүү 2023-жылы Хорватиядагыдай баанын кескин өсүшүнө алып келет деп кооптонуп жатканын Reuters жазды.
Румыния менен Болгария быйыл 1-январда Шенген аймагынын толук мүчөсү болушкан. Эки өлкө менен аймакка кирген башка өлкөлөрдүн ортосунда чек ара текшерүүлөрү жоюлганы айтылган.
Быйылкы жылдын алгачкы алты айында Румыния жана Болгария, Румыния жана Венгрия ортосунда айрым учурда текшерүүлөр болуп турары, кийин алар бара-бара такыр жоюлары белгиленген.
Шерине