Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Кыргызстандагы демократиялык кыймылдар тууралуу изилдөө чыкты


Иш-чара Бишкекте 21-февралда өттү.
Иш-чара Бишкекте 21-февралда өттү.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы «Эл үнү – доор чакырыгы: Кыргызстандагы 1985-1991-жылдардагы коомдук-демократиялык кыймылдар» аттуу изилдөөнүн таанытымын өткөрдү.

Бул изилдөө 1985–1991-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы коомдук-демократиялык кыймылдарды, алардын себептерин, динамикасын, тоскоолдуктарын жана тарыхый маанилүүлүгүн талдоого арналган.

Тактап айтканда, анда “Ашар”, “Асаба”, “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты”, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” сыяктуу уюмдардын жергиликтүү калктын иденттүүлүк, социалдык жана экономикалык укуктары үчүн күрөшү кеңири баяндалган.

Авторлор – Мукарам Токтогулова, Элмира Абылбек, Азамат Алагөз жана Гүлзат Алагөз Кыргызстандагы коомдук-демократиялык кыймылдардын катышуучулары жана күбөлөрү болгон 100 адамдан аудио, видео түрүндө маектерди жаздырып, атайын категорияларга бөлүп чыгышкан. Каармандардын баары ошол учурда өлкөдөгү экономикалык абал, үй-жай, эне тил, улут тарыхы, эгемендик маселелери көп ойлонтконун айтып беришкен.

Маектердин негизинде атайын маалымат базасы түзүлгөн.

Эмгектин дагы бир бөлүгү кайра куруу жылдарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарында ошол кыймылдардын ишинин чагылдырылышына арналган.

Изилдөөнүн таанытымына бир катар коомдук ишмерлер, тарыхчылар, изилдөөчүлөргө маек курган каармандар жана жаш окурмандар катышты. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG