Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

Украина Орусиянын жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Киевге жасалган чабуулдун кесепети. Архив.
Киевге жасалган чабуулдун кесепети. Архив.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү 22-февралга караган түнү өлкө аймагында Орусия учурган Shahed учкучсуз учактарынын 82си атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Алар Харьков, Полтава, Сумы, Киев, Чернигов, Черкасск, Кировоград, Житомир, Винница, Николаев, Херсон, Запорожье жана Днепропетров облустарында жок кылынган.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан Орусия Орел, Брянск, Курск, Миллерово, Приморско-Ахтарск аймактарынан Украинаны көздөй өткөн түнү Shahed жана башка типтеги учкучсуз учактардан 162ни учурду.

Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын 24-февралында ачкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG