Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Аба ырайы: 23-февралда күн ачык болот


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидрометео борбору кабарлагандай, 23-февралда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Баткен аймагында түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 15…17° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG