Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Новосибирск: Кыргыз мигрантка болушкан орусиялык депутатка чара көрүлдү


Орусия. Миграциялык мекемелердин биринде
Орусия. Миграциялык мекемелердин биринде

Орусиянын Новосибирск облусунда укук коргоочу Анна Тажеева менен жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Наталья Шишкинага кыргызстандык мигрант үй-бүлөнү колдоп чыкканы үчүн протокол түзүлдү. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы жазды. Басылма аларга "жагымсыз уюмга катыштыгы бар" деген айып тагылганын прокуратуранын токтомуна шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар көзөмөл органына укук коргоочу Анна Тажеева Орусияда "жагымсыз уюм" деп таанылган "Лига Свободных наций" уюмунун видеосун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнүнө даттанышкан. Ал видеодо Светлый кыштагындагы жергиликтүү тургун менен кыргызстандык көп балалуу эненин чыр-чатагы баяндалган. Кыргызстандык аялдын күйөөсү орус армиясына кошулуп, Украинага согушка кеткен. Аялды башка тургундар жана жергиликтүү кеңештин депутаты Наталья Шишкина колдоп чыккан.

Макалада видео чыккандан кийин депутатка Орусиядагы улутчул "Русская община" уюмунун мүчөлөрү басым көрсөтө баштаганы жазылган.

"Аны түрмөгө отургузууну каалашат. Алар депутат аялды "Кыргызстанга иштейсиң" деп айыптап, "мигранттардан олчойгон акча аласың" дешти. Улутчулдар аялды каматыш үчүн болгон күч аракетин жумшайт" деген жогорудагы видеонун авторлору.

30-январда Новосибирск облусунун Коченевск райондук соту Шишкинага “жагымсыз уюмга" катышкандыгы боюнча протоколго ылайык беш миң рубль айып чегерген. Ал жергиликтүү медиага берген маегинде "Русская община" уюму ага каршы өнөктүк жүргүзгөнүн, жарыяланган видеолордо "уруп-сабап, зомбулук көрсөтүүгө, зордуктоого жана киши өлтүрүүгө чакырык жасашканын" билдирген.

Шишкина өмүрүнөн кооптонуп, полицияга, прокуратурага жана Тергөө комитетине кайрылган. Укук коргоочу Анна Тажеева боюнча соттук отурум Новосибирскиде 27-февралга белгиленди.

Орусиянын Юстиция министрлиги 200дөн ашуун бирикмени «жагымсыз уюмдардын» тизмесине киргизди. "Кара тизмеге" түшкөн уюмдар менен байланышкан же анын ишине аралашкан делген жарандарга 15 миң рублге чейин айыппул салынат. Эгер кайрадан кармалса төрт жылга чейин эркинен ажыратышы ыктымал. Бирок укук коргоочулар белгилегендей, "жагымсыз уюмга" катышуу дегенди аныктоонун жол-жобосу так жазылган эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG