Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Рубио Трамп менен Путиндин жолугушуусу тууралуу суроого жооп берди


АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио

Сауд Арабиясында Америка Кошмо Штаттары менен Орусиянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнө катышкан мамлекеттик катчысы Марко Рубио журналист Кэтрин Херрингге берген маегинде эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу тууралуу суроого жооп берди. Рубио анда жолугушуунун убактысы Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүнөн көз каранды экенин айтты.

"Эгерде согушту токтотуу боюнча жылыш болуп, мындай жолугушууда келишим түзүү каралса, анда ал жерде баары президент Трампты тынчтык орнотуучу катары кабыл алууга даяр деп ойлойм", - деди Рубио.

Рубионун берген маегине караганда Трамп менен Путиндин жолугушуусу жакын арада болору күмөн. Мамлекеттик катчы мындай жолугушуу конкреттүү мазмунга ээ болуп, алдын ала даярдыкты талап кыларын билдирген.

Путин буга чейин Трамп менен жөн эле “чай же кофе ичүү” үчүн жолугуунун мааниси жок экенин айткан. Ошол эле маалда бир катар маалымат булактары президенттер февраль айында жолугушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Рубио маегинде Эр-Рияддагы жолугушууда Орусия менен Украинанын ортосунда мүмкүн болуучу тынчтык келишиминин конкреттүү параметрлери талкууланбаганын айтты. Ал "санкцияларды алып салуу да талкууланган жок" деп билдирди.

Жолугушуунун негизги максаты Орусиянын тынчтык келишим түзүүгө даяр экенин билүү болгонун белгиледи. Рубио Украинанын чакырылбаганын жолугушуу негизинен Орусия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштарга арналганы менен түшүндүрдү.

18-февралда Сауд Арабиясынын баш калаасы Эр-Риядда АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жолуккан.

Делегацияларды эки өлкөнүн башкы дипломаттары – АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектеди.

Украина бул жолугушууга чакырылган эмес. Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушууга чакырылган күндө да бармак эместигин айтты, анткени Киев анын даярдоого катышкан эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG