Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:39

Өзбекстандын жана АКШнын башкы дипломаттары мыйзамсыз мигранттар тууралуу сүйлөштү


АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы кармаган мыйзамсыз иммигранттар, 28-январь, 2024-жыл.
АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы кармаган мыйзамсыз иммигранттар, 28-январь, 2024-жыл.

Өзбекстандын Вашингтондогу элчилиги жана Нью-Йорктогу башкы консулдугу АКШ бийлигинен өлкөдөн чыгарыла турган өзбек жарандары тууралуу маалымат сурады. Маалыматка караганда, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефондон сүйлөштү.

Саидов телеграм-каналдагы баракчасына сүйлөшүү "жемиштүү болгонун" белгилеп, анын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун негизги маселелери талкууланганын жазды.

Эки өлкөнүн башкы дипломаттарынын сүйлөшүүсү тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы да маалымат таратты.

Анда АКШдагы өзбек дипломаттары Өзбекстандын жарандарын мекенине коопсуз депортациялоо үчүн америкалык тиешелүү мекемелер менен "көптөн бери тыгыз кызматташып жатканы" жана өлкөдөн чыгарылган өзбек жарандары Нью-Йорк - Ташкент каттамы аркылуу мекенине кайтарылары айтылат.

Буга чейин АКШ жаңы администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын эл аралык медиа жазган.

Акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз барган чет элдиктер, анын ичинде борбор азиялыктардын саны арбыган. Алар мындай кооптуу жол менен Мексикага жетип, андан ары CBP One тиркемеси аркылуу АКШга киргенге аракет кылышчу.

"Азаттыктын" өзбек кызматы буга чейин АКШда жашаган 975 өзбек жараны мыйзамсыз иммигрант катары депортацияланышы мүмкүн экенин жазган. Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин АКШдан Өзбекстанга 572 адам депортацияланган.

2025-жылы 20-январда президент Дональд Трамп кызматка киришкен күнү тиркеме жабылып, ага чейин катталгандардын тизмеси жокко чыгарылган. Натыйжада АКШ Мексика менен чек арасына миңдеген аскерлер жайгаштырылып, дубалга тикенек зым орнотулуп жатканы кабарланган.

АКШнын өзүндө мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортациялар күч алууда. Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG