Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) 19-февраль күнү А.Х. аттуу жаран кайрылып, 36 жаштагы күйөөсү дайыма зордук-зомбулук көрсөтүп келерине даттанган. Ошондой эле 19-февраль күнү саат 21:30 чамасында ур-токмокко алып, бычак шилтеп, жаракат келтиргенин маалымдаган.
Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.М. аттуу жаран буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган.
"Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү 1988-жылы туулган М.М., аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө айыпталган жаран үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (ZKo)
Шерине