АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог бейшембиде Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Жолугушуунун аягында Америка тараптын өтүнүчү менен маалымат жыйыны болгон жок. Бул тууралуу Reuters жана башка маалымат каражаттары жазышты.
"Америка авазы" маалымдагандай, Кит Келлог мурдараак Киевге сапарынын негизги максаты - украин тарапты угуу экенин билдирген.
Президент Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц Украинаны АКШга сын пикирин жумшартууга чакырып, баалуу кен байлыктар боюнча Ак үй демилгелеп жаткан келишимдерге барууга үндөгөн.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс бейшембиде конфликттин аягы чукулдап калганын билдирип, согушту Орусия менен сүйлөшүүлөрсүз токтотууга мүмкүн эместигин белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын чабарманы Кит Келлог менен сүйлөшүү учурунда согуштагы абал, Орусия туткундаган украин аскерлерин кайтаруу жана Украинанын коопсуздугу үчүн натыйжалуу эл аралык кепилдик маселеси талкууланганын билдирди.
"Европейская правда" басылмасы Зеленский Трамптын өкүлүнө "Киев АКШ президенти менен инвестиция жана коопсуздук жаатында аныгында пайдалуу жана күчтүү келишимге барууга макулдугун" билдиргенин жазды. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Трамптын Украинадагы баалуу кен байлыктары тууралуу сөз болгон.
Басылмалар жазгандай, Трамптын администрациясы Украинага сейрек кездешүүчү баалуу кен байлыктарга 50% менчик укугун берүүнү сунуштаган, бирок Зеленский документ менен таанышкан соң, ага кол коюудан баш тарткан.
Америкалык AXIOS жаңылык сайты Трамптын администрациясы Украинага баалуу кен байлыктар боюнча "жакшыртылган" келишимдин долбоорун сунуштаганын бейшембиде жазды. Сайт бул долбоор украин президенти АКШнын лидеринин алгачкы сунушун четке кагып, "ачуусуна тийгенден" кийинкиси экенин белгилеген.
Axios бул маалыматтарды украиналык, америкалык аткаминерлерге жана дагы келишим тууралуу маалыматы бар үч булагынын айткандарына таянып жазганын кабарлады. Алардын бири "келишимдин акыркы долбоору украин мыйзамдарына туура келгендей кыйла жакшыртылганын" билдирген.
Президент Трамптын кеңешчиси Майк Уолц Зеленский "сүйлөшүүгө кайтышы керектигин" журналисттерге билдирди.
Шерине