2024-жылы Кыргызстандын өкмөтү жалпы суммасы 1 млрд 385 млн долларлык 23 келишимге кол койду. Анын ичинен 1 млрд 186 млн долларды насыя, 199,6 млн долларды грант түрүндө алат.
"Тазабек" агенттиги Финансы министрлигине таянып билдиргендей, былтыркы жылы бул келишимдер боюнча алынган акчанын 80,3 млн доллары иштетилген. Калганы алдыдагы 5-7 жылдык долбоорлорду ишке ашырууга сарпталат.
Маалыматка ылайык, Энергетика тармагына жалпы суммасы 140,5 млн долларлык келишим түзгүлөн. Анын 129,9 млн доллары насыя, калганы карыз. Бул суммага төрт долбоор ишке ашырылмакчы.
Транспорт тармагына 109,5 млн доллар алынат, анын 87 млн доллары карыз, калганы грант.
Суу менен камсыздоо тармагына алынуучу 112 млн 710 миң доллардын 68 млн доллар карыз, калганы грант. Социалдык тармакка 79 млн доллар карыз, бюджетти колдоого 75,6 млн доллар алынат, мунун 43 млн доллары карыз, калганы грант.
Чукул кырдаалдарга 52 млн доллар алынып, иштетилүүдө. Анын ичинен 45 млн доллар карыз, калганы грант түрүндө алынган. Билим берүү тармагына да алынган 35 млн доллар карыз иштетилип жатканы кабарланды.
Калган сумма инфратүзүм, санарип жана майда тармактарды колдоо үчүн карыз жана грант түрүндө берилет.
Финансы министрлигинин 2024-жылы 30-сентябрда берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617 млн долларга жеткен. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 526,34 млн доллар, ички карыз 2 млрд 54,66 млн доллар.
Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - 1,658 млрд доллары Кытайдын Эксимбанкына таандык. Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдү тышкы карызын Жашыл климатты колдоо багытында кечүүгө чакырып келет. Буга байланыштуу Германия 15 млн евро, Түркия 59 млн доллар карызды кечкен.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2035-жылга карата тышкы карызды график менен төлөп бүтөрүн 20-февралда билдирди. Мамлекет башчы ички карыздар да өлкөгө коркунуч жаратпасын белгилеп, "алардан кутулуунун жолдору толтура" деди.(ZKo)
Шерине