АКШ Сенаты бейшембиде FBR (Федералдык чалгын бюросу, орусчасы - ФБР) директорлугуна Кэш Пателдин талапкерлигин 51 добуш менен колдоду. 49 сенатор каршы болду. Эки республикачы сенаторлор: Мэн штатынан шайланып келген Сьюзан Коллинз менен Аляскадан шайланган Лиза Мурковски демократтар тарапта болуп, каршы добуш беришкенине карабай, жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Пателдин талапкерлиги өтүп кетти.
Сенаторлор Коллинз жана Мурковски талапкер Патель Трамптын саясий колдоосуна мурдатан ээ болуп келгенин, ал ФБРдин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө олуттуу таасир тийгизерин белгилешкенин Reuters жазды.
Басылма Патель ФБРди колуна алгандан кийин, бюронун көп жылдардан берки көз карандысыздыгына чакырык ташталды деп белгиледи.
Юстиция министрлигинин жана ФБРдин президенттер алмашса да ордун сактап келген кеминде 75 жетекчиси жана кесипкөй юристтери кызматтан кетишти. Алардын айрымдары өз каалоосу менен кетсе, айрымдары Трамп бийликке келген алгачкы айда кызматтан бошотулган.
Юстиция министрлигинин жетекчилиги саясатта ири өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө буйрук берип, Трамптын ишине лоялдуулукту талап кылды. Ошондой эле Нью-Йорктун мэри Эрик Адамстын коррупция боюнча ишин токтотууга аракет кылган. Адамс демократ болгонуна карабастан, Трамп менен кызматташууга умтулган.
Мурдагы федералдык прокурор жана Вашингтондогу Citizens for Responsibility and Ethics уюмунун жетекчиси Ноа Букбиндер бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
"Дональд Трамп жана анын айланасындагылар президент прокуратуранын териштирүүлөрүнө жана чечимдерине түздөн-түз таасир этиши керек деп эсептегендерин так көрсөтүштү. Алар Трампты жана анын тарапташтарын куугунтуктоо аракеттерине катуу нааразы жана бул багытта өч алууну өз миссиясынын бир бөлүгү катары көрүшүүдө".
АКШнын президенти Дональд Трамп 2024-жылы ноябрдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 2025-жылдын 21-январынан тарта кызматына расмий киришти.
Шерине