Махабат Тажибек кызы абакта коркутуу болгонун акыйкатчынын өкүлдөрүнө билдирди
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүйдөгү №2 аялдар абагына барып, Махабат Тажибек кызы менен жолугуп келишти. Бул тууралуу 20-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Махабат Тажибек кызы абакта коркутуу болгонун, тиешелүү чаралардан кийин маселе жөнгө салынганын айтып бергени маалымдалды. “Ооба, В.Лысенкодон коркутуу болгон. Бул нерсе мен абакка келген биринчи күндөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Абактын жаңы жетекчиси тиешелүү чараларды көрдү. Учурда менин өмүрүмө коркунуч жок. Андыктан абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок”, - деп Тажибек кызы арыз жазып берген. Абак жетекчилиги текшерүү жүргүзүлгөнүн, Лысенко жалпы режимден катаал шартта кармоого (камералык типтеги жайга) 13-февралда эле которулганын билдирди. 19-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) Темировдун жубайынын өмүрү коркунучта экени жөнүндөгү билдирүүсүн төгүндөгөн.
Бишкектеги №72 мектепте токмоктон каза тапканы айтылган Аннас Айтбаевдин сөөгү эксгумацияланды
Маркумдун атасы Дөөлөт Айтбаев маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, "Тергөө анын чындыгында токмоктон каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Кечээ атайын эксперт дарыгерлер барып, эксгумация жүргүзүштү. Жыйынтыгы бир айда чыгат экен", - деди. 21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумган. 15 жаштагы Айтбаевдин ата-энеси милицияга 10-февралда кайрылган. Алар уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана эки жумадан кийин эсине келбей каза болгондугун билдиришкен. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат. Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы иликтөө жүргүзүүдө. Аннастын өлүмүнө шектүү деп ушул эле мектептин окуучусу кармалган.
Кыргызпатент YAKA брендиндеги кыргыз оюуларын Орусиянын аймагында да, Кыргызстанда да патент берилбегенин жарыялады
Мекеме бул тууралуу 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, Орусиянын жараны А. Обыденова кыргыз оймо-чиймелерин мыйзамсыз патенттеп алып, кыргыз оюм-чийимдерин колдонууга тыюу салып жатканы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди. Кыргызпатент YAKA брендиндеги кыргыз оюуларын менчиктөө укугу Роспатент тарабынан да берилбегенин маалымдоодо. Мекеме Обыденова Кыргызстандын аймагында интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө эч кандай өзгөчө укуктарга, анын ичинен ар кандай дизайн объектилерин, оймо-чиймелерди, жасалгаларды – өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууга тыюу салуу укугуна ээ эместигин маалымдады. Кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди саткан орусиялык YAKA бренди өз өнүмүнүн “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алганга тыюу салып, бул үчүн атайын патент алганын көрсөткөн.
Президент Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршылыгын жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин билдирди
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, президентке кайрылуу жазылган кагазга кол койгондон кийин тарашкан. "Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам", - деди Жапаров. Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирген. Мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра текшерүүдөн өтүшү мүмкүн.
Москвада кыргыз жараны "терроризмди актоо" үчүн соттолгону кабарланды
Москванын Экинчи Батыш аймактык аскердик соту 30 жаштагы Бекзат Абдинасир уулун "Крокус Сити Холлдо" теракт жасаган террорчуларды актаган" деп тапты. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Телеграм каналдардын бириндеги мигранттардын баракчасында "террорчуларды актаган комментарий жазган". Сот чечимине ылайык, Москва шаарындагы курулуштардын биринде иштеген Бекзат Абдинасир уулун Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Террордук ишмердүүлүккө Интернет аркылуу ачык чакыруу") боюнча айыптуу деп таап, үч жылга кесилди. Ал жазасын жалпы режимдеги абакта өтөйт. Маалыматта Кыргызстандын жараны коюлган айыпты толук мойнуна алганы жана ага өкүнөрүн айтканы, бул анын кылмыш жазасын жеңилдетүүгө шарт түзгөнү, ал сот чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылууга укуктуу экени жазылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча комментарий бере элек.
ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук топ деп табылган) радикал тобу Израилге төрт кишинин сөөгүн өткөрүп берди
Төрт жаштагы Ариэль Бибас, анын тогуз айлык иниси Кфир, энеси Ширан жана дагы бир адам Одед Лифшицттин сөөгү Израилге берилди. Алар 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилге кол салуу учурунда барымтага алынып, Газа тилкесинде өлтүрүлгөн. Төрт кара табыт Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берилип, аларды жүктөгөн унаа Газа тилкесинен Израилге жөнөп кеткен. Каза болгон эки баланын атасы Ярден Бибас ок атышпоо келишиминин биринчи этабында бошотулган. Аны аялы жана балдарынан бөлөк кармашкан. Израил эли Бибас үй-бүлөсүнүн тагдырын 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунун ырайымсыздыгынын символу катары көрөт. Барымтадагылардын сөөгү ок атышууну убактылуу токтотуу боюнча мурда түзүлгөн келишимдердин алкагында өткөрүп берилди. АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму 22-февралда дагы алты туткунду бошотушу мүмкүн.
Сеул Түндүк Кореянын Украинада туткундалган аскерлерин кабыл алууга даяр экенин билдирди
Bloomberg агенттиги жазгандай, "Конституцияга ылайык, түндүк кореялык аскерлер биздин жарандарыбыз. Алардын эркиндигин сыйлоо эл аралык укукка жана салттарга туура келет", - деп айтылган мекеменин билдирүүсүндө. Бул сунуш Түндүк Кореянын Украинада туткунга түшкөн жоокери "Чосон ильбо" басылмасына Түштүк Кореядан башпаанек алууну каалаганын билдиргенден кийин айтылды. Макалада украиналык аткаминер бул Сеулдун көз карашына жараша болорун айтканы да жазылган. Сеул украиналык кесиптештерге кайрылып, түндүк кореялык жоокерлерди "эркинен тышкары, алардын өмүрүнө коркунуч бар жакка жиберүүгө болбой турганын" билдиргени белгилеген. Жыл башында Киев Орусиянын Курск облусунда түндүк кореялык эки жоокерди туткунга алганын маалымдаган. Жоокерлердин бири суракта "Орусияга согушка эмес, окууга барганын" айтканы кабарланган. Кийинчерээк украин президенти Владимир Зеленский ал жоокерлерди Орусия туткунга алган украин аскерлерине айырбаштоо үчүн Түндүк Кореяга өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан. Батыштын чалгын кызматтары Орусияга Украинадагы согушка катышуу үчүн Түндүк Кореядан 10 миң чамалуу аскер барган болушу мүмкүн экенин жазышкан.
Шерине