Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Кыргызстандын кинотеатрында "Рэкетир" тасмасы көрсөтүлбөй турган болду


"Рэкетир" тасмасынын биринчи бөлүгү 2007-жылы тартылган.
"Рэкетир" тасмасынын биринчи бөлүгү 2007-жылы тартылган.

Кыргызстанда 20-февралдан тартып көрсөтүлөрү жарыяланган казакстандык чыгармачыл топтун "Рэкетир" тасмасы сатыктан алынды. Бул тууралуу Бишкектеги "Синематика" кинотеатрлар түйүнү социалдык тармактагы баракчаларына жазды.

"Рэкетир" тасмасы Кыргызстандагы бардык кинотеатрлардан алынды. Билеттин акчасын кайтарып алуу үчүн кинотеатрдын администрациясына кайрылгыла", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга эмне себеп болгону айтылган эмес.

Казакстанда тартылган тасманын үчүнчү бөлүгү соңку күндөрү кыргыз сегментинде кызуу талкууга алынган. Буга чейин тасманын актерлору “кримчөйрөнүн анабашы” аталган жана 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевдин уулу Руслан менен жолукканы тууралуу видео, сүрөттөр тараган.

18-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Марипов Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанда бандиттик идеологияны пропагандалаган тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган.

«Рэкетир 3» тасмасы казакстандык режиссер Акан Сатаев тарткан криминалдык драманын уландысы. Казакстанда бул тасма 13-февралдан тарта көрсөтүлө баштады. Фильм Казакстандагы кинотеатрларда төрт күн ичинде 600 миллион тенге (120 миң доллар) тапканы кабарланды.

Үч бөлүктөн турган фильмдин биринчи бөлүгү 2007-жылы тартылган жана 1990-жылдардагы жашоо, ошол кездеги кылмыштуулук жана рэкетчилик чагылдырылат. Үчүнчү бөлүктө баш каарман Саяндын түрмөдөн чыккандан кийинки жашоосу баяндалат.

Тасманы тарткандар анын Кыргызстанда сатыктан алынышы боюнча комментарий бере элек. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG