Европа лидерлери Украинанын президенти Владимир Зеленский тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын айтканын сындашты. Трампка жооп катары немис саясатчылары менен Британиянын премьер-министри Зеленскийди колдогон билдирүү жазышты.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Трамптын сөзүн “туура эмес жана коркунучтуу билдирүү” десе, ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок “абсурд” деп сыпаттады.
Бербок ZDF телеканалына берген маегинде: "Эгер реалдуулукту карасак, Европада ким диктатурада жашоого аргасыз экенин билебиз. Бул орусиядагылар, беларустагылар", - деди.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер Украинанын демократиялык жол менен шайланган лидери катары Зеленскийди колдой турганын билдирди. Британ өкмөтүнүн басма сөз кызматы Стармер Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө "согуш учурунда шайлоону токтотуу толугу менен акылга сыярлык" экенин жана Улуу Британия Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да ушундай кадамга барганын айтканын билдирди.
Британ премьер-министри АКШнын Украинада Орусияны келечектеги ар кандай агрессиядан алдын алган туруктуу тынчтык орнотуу аракеттерин колдой турганын кайталады.
Украин президенти Зеленский Телеграм каналында Улуу Британиянын Европанын коргонуусун жана коопсуздугун чыңдоодогу ролу Украина үчүн абдан маанилүү экенин айтты.
"Биз келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү талкууладык. Британиянын колдоосу өтө маанилүү жана биз британ элинин Украинага жана биздин жарандарга көрсөткөн сый-урматын эч качан унутпайбыз", - деп жазган Зеленский.
19-февралда Трамп Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп атап, ал "тезирээк кыймылдабаса өлкөсүнөн кол жууйт" деп сындаган. Трамп мындай пикирин Truth Social cоциалдык тармагына бөлүшкөн.
Ал украин лидерин "АКШ жана Трампсыз өзү эч качан жайгара албаган согушка аралашып, Американы 350 миллиард доллар сарптоого көндүргөн" деп сындады.
Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.
Буга чейин Трамп Зеленскийдин рейтинги 4% түзөрүн айткан. Украинанын президенти бул "Орусия тараптан жайылган жалган маалымат экенин" белгилеген. Зеленский Киевдеги эл аралык социология институтунун сурамжылоосуна таянып, ага украиндердин 57% ишенерин айткан.
Украинадагы согушту токтотуу маселеси Трамп кызматка киришкени күч алды. 18-февралда Сауд Арабиясында Америка менен Орусиянын делегацияларынын биринчи жолугушуусу өттү. Ушул эле күнү Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы "согушту токтотуу келишимине жетишерине терең ишенерин" билдирди. (AiA)
Шерине