Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

Кыргызпатент YAKA брендиндеги кыргыз оюуларына патент берилген эмес деп билдирди


Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновация мамлекеттик ишканасы YAKA брендинде колдонулган кыргыз оюуларына Орусиянын аймагында да, Кыргызстанда да патент берилбегенин жарыялады.

Мекеме бул тууралуу 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, Орусиянын жараны А. Обыденова кыргыз оймо-чиймелерин мыйзамсыз патенттеп алып, кыргыз оюм-чийимдерин колдонууга тыюу салып жатканы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Кыргызпатент YAKA брендиндеги кыргыз оюуларын менчиктөө укугу Роспатент тарабынан да берилбегенин маалымдоодо.

"Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлеринде А.Е.Обыденовага жана YAKA жоопкерчилиги чектелген коомуна кыргыз орнаменттери интеллектуалдык менчик объектилери катары катталбагандыгын расмий билдирет. Ошол эле учурда Орусияда YAKA жоопкерчилиги чектелген коому YAKA товардык белгиси катары кара тик бурчтуктун фонунда ак тамгаларды каттаткан. Бул товардык белги маданий мурастарга тиешелүү эч кандай оймо-чиймелерди же декоративдик элементтерди камтыбайт", - деп жазылган анда.

Мекеме, орусиялык жаран Анна Обыденова Кыргызстандын аймагында интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө эч кандай өзгөчө укуктарга, анын ичинен ар кандай дизайн объектилерин, оймо-чиймелерди, жасалгаларды – өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууга тыюу салуу укугуна ээ эместигин маалымдады.

Кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди саткан орусиялык YAKA бренди өз өнүмүнүн “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алганга тыюу салып, бул үчүн атайын патент алганын көрсөткөн. Мындай үлгүдөгү кийим-кече базарга чыккан учурда сотко кайрыла турганын билдирген. Кыргызстандык блогерлер муну “маданий баскынчылык” катары сыпатташкан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG