АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин сөздөрүнө нааразы экенин билдирди. Буга чейин Зеленский Украинаны Сауд Арабияда өткөн АКШ-Орусия сүйлөшүүсүнө чакырбай коюшканын бир нече жолу белгилеген.
"Бүгүн мен алар чакырылбай калганына нааразы экенин уктум. Бирок аларда үч жыл, андан да көп убакыт бар болчу. Мунун баарын оңой эле чечип койсо болор эле. Макулдашып алсаңар болмок", - деди Трамп.
Америка президенти муну менен эмне айткысы келгенин тактаган жок. Ал буга чейин бир нече ирет Украинанын НАТОго кирүү мүдөөсү согушка себеп болгонун айткан. Эксперттер согуш Путиндин империялык амбицияларынан улам башталганын белгилеп жүрүшөт.
Флоридадагы Мар-а-Лагодогу үйүндө 18-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп Украинадагы "согушту токтотуу келишимине жетерине ишенерин" ырастады.
"Менимче, бул согушту токтотууга толук ыйгарым укугум бар",-деди Трамп.
18-февралда Эр-Риядда АКШ менен Орусия делегацияларынын алгачкы сүйлөшүүсү өткөн. Трамп ошондой эле ушул ай соңуна чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу мүмкүн экенин айтып, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Украинага бейпилдик күчтөрүн жиберүүсүнө каршы эместигин кошумчалады.
Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын да баса белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин беш жылдык мөөнөтү расмий 2024-жылы май айында аяктамак. Бирок Украинанын Конституциясына ылайык, өлкөдө аскердик абал жарыяланып турган маалда шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат. Зеленский согуштун активдүү фазасы аяктары менен шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн экенин айткан.
Шерине