Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:45

18-февраль: Орусияда беш кыргыз жараны өрттөн жабыркады, "Казакмыс" казган кенде жети адамдын сөөгү табылды


Жезказган калаасындагы "Казакмыс" корпорациясынын кеңсеси, 10-май, 2024-жыл.
Жезказган калаасындагы "Казакмыс" корпорациясынын кеңсеси, 10-май, 2024-жыл.

Болот Темиров абактагы жубайынын өмүрү коркунучта экенин жазды, ЖАК комментарий бере элек

Чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жазасын өтөп жаткан жубайы, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин жазды. Темиров бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жубайынын абактан жазган делген катын сүрөтү менен чогуу жарыялады. Катта Махабат Тажибек кызы абакта аны менен чогуу отурган аял "өлтүрөм", "ууландырам" деп коркутканын жазган. Темиров "Азаттыкка" Махабаттан катты жакында алганын, андан бери адвокаты аны менен жолугуша электигин айтты. Ал Жаза аткаруу кызматына, Акыйкатчыга, бийлик башчыларына кайрылуу даярдалып жатканын кошумчалады. "Азаттык" радиосу абактагы Махабат Тажибек кызынын коопсуздугу боюнча Жаза аткаруу кызматына кайрылды, бирок азырынча жооп ала элек.

Абактагы Темирлан Султанбеков дээрлик 100 күндөн бери кармап жаткан ачкачылык акциясын убактылуу токтотту

Мындай маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катында ал магниттик-резонанстык томографиядан өткөндөн кийин бир катар оорулар аныкталганын жана аны дарылоо керектигин, ачкачылыгын токтотууга 1-марттан тарта Орозо кармай турганы да себеп болгонун айткан. 26 жаштагы Темирлан Султанбеков 13-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган күндөн тартып, нааразылык катары саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары анын саламаттыгы начарлап бара жатканын айтышып, бийлик башындагылардан аны бошотууну суранышкан.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Сунушталган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир эле шайлоо округунда жарышка катыша алат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат. Аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алган аял шайланды деп таанылат. Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.

Айрым кризистик борборлор жабылуу коркунучунда экени белгиленди

Жогорку Кеңеште 17-февралда депутаттар аялдар кризистик борборлорго байланыштуу форум өткөрдү. Жыйында айрым кризистик борборлор каржылык колдоого муктаж экени, өз имараттары жок жабылуу алдында тургандары бар экенин айтылды. Депутат Айсулуу Мамашова үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө мындай борборлор маанилүү экенин белгилеп, көпчүлүгүндө каржы маселеси курч экенин айтты. Форумда бул маселени Президенттик администрация, Министрлер кабинетинин деңгээлинде чечүү сунушталды. Расмий маалымат боюнча жыйырмадан ашык кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт.

Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы кафеде чыккан өрттөн Кыргызстандын беш жараны жабыркады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, 16-февралда болгон кырсыктан кыргыз жарандарынын бири оор абалда ооруканага жаткырылган. Экөө Ленинград облустук ооруканасынын күйүк борборунда дарыланууда, дагы экөө алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарылоого жиберилген. Орусиянын Тергөө комитети кафедеги өрт боюнча кылмыш ишин козгоду. Усть-Луга аймагындагы чайханада газ баллон жарылып өрт чыкканын, андан бир нече адам жабыркаганын, оор абалдагы үч киши Кыргызстандын жарандары экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазган.

Эр-Рияд: АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

Сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы болжол менен үч жарым саатка созулду, андан кийин делегация мүчөлөрү "түшкү тамакка" жөнөштү. Жалпысынан эки тараптын талкуусу төрт жарым саатка созулду. Делегацияларды эки өлкөнүн башкы дипломаттары – АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектеди. Америкалык делегациянын курамына улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц жана президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф кирди. Москванын делегациясында президент Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев болду. Мамкатчы сүйлөшүүлөрдө Москва менен Вашингтондогу элчиликтердин ишин калыбына келтирүү жөнүндө да макулдашуу болгонун белгиледи.

ХАМАС радикал тобу туткундан дагы алты адамды бошотушу мүмкүн

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму 22-февралда дагы алты туткунду бошотушу мүмкүн. Бул тууралуу уюмдун Газадагы лидери Халиль аль-Хайя 18-февралдагы телекайрылуусунда айтканын Reuters агенттиги жазды. Маалыматка караганда, алардын арасында уюмдун барымтасында он жылдан ашуун убакыттан бери кармалып келген Авраам Менгисту жана Хишам ас-Саид дагы бар. Андан тышкары 20-февралда туткундагы төрт адамдын сөөгү Израил тарапка өткөрүлүп берилет. Бул үчүн ХАМАС радикал уюму Израилден Газага оор техника жүктөлгөн кербендерди өткөрүүгө уруксат берүүнү жана топтун камактагы 47 мүчөсүн бошотууну талап кылды. 15-янаврда Израил менен ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкен.

Европа лидерлери коргонуу жана Украинага жардам маселесин талкуулашты

17-февралда Европа лидерлери Парижде чогулуп, Украинадагы согушту токтотуу жана Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү маселесин талкуулашты. Андан тышкары шаркеттин коргонууга бөлгөн каражатын көбөйтүү зарылдыгы тууралуу да сөз болду. Жолугушууга Франция, Германия, Италия, Испания, Британия, Польша, Дания жана Нидерланддын лидерлери, Еврокомиссиянын жана Еврокеңештин жетекчилери, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте катышты. Бул жыйын АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын акыркы билдирүүлөрү Европа өлкөлөрүндө кооптонуу жараткан шартта өттү.

Казакстан: Кендеги кырсыкта набыт болгон жети адамдын сөөгү табылды

Улытау облусунда "Казакмыс" компаниясына караштуу кенде 17-февралдын кечинде болгон кырсыкта набыт болгон жети адамдын сөөгү шейшембинин таңында табылды. Бул тууралуу 18-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Жомарт жез кенинде тоо тек кулап түшкөн. Министрлик окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди. Окуя боюнча премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев жетектеген өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG