Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Европа лидерлери коргонуу жана Украинага жардам маселесин талкуулашты


Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер. Париж. 17-февраль, 2025-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер. Париж. 17-февраль, 2025-жыл.

17-февралда Европа лидерлери Парижде чогулуп, Украинадагы согушту токтотуу жана Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү маселесин талкуулашты. Андан тышкары шаркеттин коргонууга бөлгөн каражатын көбөйтүү зарылдыгы тууралуу да сөз болду. Жолугушууга Франция, Германия, Италия, Испания, Британия, Польша, Дания жана Нидерланддын лидерлери, Еврокомиссиянын жана Еврокеңештин жетекчилери, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте катышты.

Жолугушууну Франциянын президенти Эммануэль Макрон уюштурду.

Бул жыйын АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын акыркы билдирүүлөрү Европа өлкөлөрүндө кооптонуу жараткан шартта өттү.

Лидерлердин бир нече саатка созулган жыйынында эч кандай чечим кабыл алынган жок. Алар Украинага Орусиянын агрессиясына каршы күрөштө колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын билдиришти.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жолугушуу расмий келишимдерди түзүүгө эмес, ой-пикир алмашууга багытталганын белгиледи.

Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШ, ЕБ жана НАТО өлкөлөрү Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүдө биргелешип аракеттениши керектигин айтты.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Европанын коргонуусун чыңдоо зарылдыгына токтолду.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Даниянын премьер-министри Фредериксен да коргонууга кеткен чыгымдарды көбөйтүү зарылдыгын колдошту. Стармер Британия Украинага аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин айтты, бирок бул үчүн тынчтык келишими түзүлүшү керектигин белгиледи.

Жолугушуудан кийин Польшанын премьер-министри Дональд Туск Украинанын келечеги тууралуу чечимдер Киевдин катышуусуз кабыл алынбашы керек экенин баса белгиледи.

18-февралда Сауд Арабияда АКШ менен Орусия делегацияларынын ортосунда өткөн сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин жана Украинанын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG