Грузиянын бешинчи президенти Саломе Зурабишвилиге Тблисси эл аралык аэропортунда жумуртка ыргытышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, окуя 18-февралда Зурабишвили Мүнхенде өткөн Коопсуздук жыйынынан кайтып келатканда болгон.
Маалыматты "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өз булагы да ырастады. Кийинчерээк окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
17-февралдын таңында Грузиянын мурдагы премьер-министри Георгий Гахарияны, Грузиянын Германиядагы экс-элчиси Элгужа Хокришивилини дагы дагы аэропортто жумуртка менен койгулашкан.
Интернетке жайылган видеолордон жумуртка ыргыткандар: "Силерди USAID каржылабай калдыбы? Мындан ары принциби жок агент болбой калдыңарбы?" - деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот.
"Гахария Грузия үчүн" партиясынын мүчөсү Бека Лилуашвили чабуулду "Грузин кыялы" партиясынын тарапташтарынан көрдү. Ал аэропорттогу полиция эч аракет көрбөгөнүн кошумчалады.
"Грузин кыялы" партиясы бул окуяга тиешеси жок экенин билдирди.
Гахарияга январда дагы кол салуу болгон. Аны "Шератон" мейманканасында уруп-сабап кетишкен. Гахариянын мурду сынып, мээси чайкалаганы аныкталган. Окуя боюнча полиция кылмыш ишин козгогон.
Былтыр жыл соңунда Грузиянын парламентиндеги "шайлоочу коллегия" мурдагы футболчу, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини президенттикке шайлаган. Буга чейин Зурабишвили бийликтин "жалгыз мыйзамдуу өкүлүмүн" деп, Кавелашвилинин дайындалышы "мыйзамсыз" экенин айткан.
Шерине