Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Орус армиясы Украинага 100дөн ашуун дрон менен сокку урду


Орус армиясынын дрон соккусунун кесепети. Кривоград облусу. 18-февраль, 2025-жыл
Орус армиясынын дрон соккусунун кесепети. Кривоград облусу. 18-февраль, 2025-жыл

Орусиянын армиясы 18-февралга караган түнү Украинанын аймагына абадан чабуул койду.

Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, "каршылаш тарап 176 "Шахед" дрону жана учкучсуз аппараттардын башка түрлөрү менен чабуул койгон".

Маалыматка караганда, алар Орел, Шаталов, Курск аймактарынан жана аннексияланган Крымдан учурулган.

Дрондордун 100дөн ашууну абадан атып түшүрүлгөн. Учкучсуз аппараттардын сыныктарынан Кировоград, Харьков, Киев жана Черкассы облустарында турак жайлар зыян тарткан.

Кировоград облусунда дрон соккусуна көп кабаттуу үй дуушар болгон. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Андрей Райкович билдиргендей, үч адам жараат алган.

38 батирдин тургундары коопсуз жактарга эвакуацияланганы кабарланды.

Орусия Украинага согуш ачкан үч жылдын ичинде дээрлик күн сайын абадан чабуул коюуда. Көптөгөн далилдерге карабастан, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG