Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзүн президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана жакын тууганы катары тааныштырып, баасы 50 млн сомго жакын көмүр кенин чет элдик компанияга өткөрүп берүүнү талап кылган эки шектүү кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн бири өзүн президенттин жээни деп тааныштырган. Ал ар кандай маселерди чечүү үчүн дагы өлкө жетекчилигинин атын жамынып жүргөнүн кабарлады.
УКМКга А.А.М. аттуу жаран эки киши президенттин атын жамынып көмүр кенине ээлик кылууну көздөп жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, алар президенттин жакындары эмес экени аныкталган.
Учурда шектүүлөр кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалганы кабарланды. (TSh)
Шерине