Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Трамп кызматка киришкенден бери АКШда 14 миңдей мыйзамсыз мигрант кармалды


Полиция Аризона штатында мыйзамсыз жүргөн мигрантты кармап баратат. 26-январь, 2025-жыл.
Полиция Аризона штатында мыйзамсыз жүргөн мигрантты кармап баратат. 26-январь, 2025-жыл.

Дональд Трамп ант берип, АКШда президенттик кызматка киришкен 20-январдн бери 14 миң мигрант камакка алынды.

Бул тууралуу CNN каналындагы көрсөтүүлөрдүн биринде Трамп "чек ара падышасы" катары дайындаган Том Хоман билдирди.

Ал АКШга мыйзамсыз кирген мигранттарды иммиграциялык агенттер жетиштүү деңгээлде кармап, мекенине депортация кылбай жаткандыгына нааразы экенин баса белгилей кетти.

Хомандын айтымында, депортациялангандардын саны мурдагы президент Жо Байдендин администрациясына караганда "бир топ жогору".

Январдын аягында The Washington Post басылмасы жазгандай, Трамп АКШдагы мыйзамсыз мигранттарды кармоо операциясы тез жүрбөй жатканына нааразы болгон.

Ошол кезде ар бир жергиликтүү иммиграциялык полиция кеңсесине күнүнө кеминде 75 адамды кармоо тапшырмасы берилген. Андай болгондо бул көрсөткүч өлкө боюнча күнүнө 1500дү түзмөк.

Камакка алынган мигранттардын көбү өз өлкөлөрүнө депортацияланган же Кубадагы Гуантанамо АКШнын аскердик базасында түрмөгө камалган, бирок айрымдарына соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин өлкөдө калууга уруксат берилген.

АКШ бийлигинин эсеби боюнча, өлкөдө болжол менен 11 миллион документсиз мигрант бар. Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Трамптын администрациясы АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) катарын күчөтүү максатында бир нече федералдык агенттиктердин кызматкерлерин тартты.

Маалыматка караганда, жаңы администрация ишке киришке алгачкы күндөрү күн сайын жүздөгөн мигрант кармалып жаткан. Бул процесс уланып жатканы менен масштабы бир аз басаңдады.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, январдын аягында күнүнө орто эсеп менен 800 мыйзамсыз мигрант кармалса, февралдын алгачкы эки жумасында күнүмдүк кармоолордун саны 600гө жеткен эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG