Казакстандан Батышка мунай экспорттогон негизги түйүнү, "Кропоткинская" станциясы 17-февралда дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу Каспий Куур консорциуму билдирди. Уюм чабуулду "террордук" деп атап, станцияга жети дрон менен кол салынганын кошумчалады.
Маалыматка караганда, дрондор жардыруучу заттардан тышкары, металл элементтери менен дүрмөттөлгөн. Станциянын кызматкерлеринин арасында жабыркандар же набыт болгондор жок.
Станция убактылуу ишин токтотту. Тенгиз-Новороссийск түтүк системасы аркылуу белгиленген өлчөмдөн азыраак көлөмдөгү мунай өткөрүлүп жатат.
Казакстандын Энергетика министрлиги консорциум казак мунайына чектөө киргизбегенин жана кабыл алуу кадимки режимде жүрүп жатканын билдирди.
"Кропоткинская" станциясы Орусиянын Краснодар аймагынын Кавказ районунда жайгашкан жана ал консорциумдун Орусиядагы эң ири мунай өткөрүүчү станциясы болуп саналат.
КТК эл аралык консорциумдун бардык акционерлерин, анын ичинде АКШ жана европалык компаниялардын өкүлдөрүн чабуул тууралуу кабардар кылганын кошумчалады.
КТКнын негизги акционерлерин арасында Орусия (24% акция үлүшү), Казакстандын улуттук "КазМунайГаз" компаниясы (19%) жана башкалар бар. Москва Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан үч жылдан бери Орусиянын аймактары утур-утур дрон чабуулуна кабылып келет. Кремль бул кол салууларды Киевден көрөт. Украин бийлиги айрым учурда гана мойнуна албаса, негизинен комментарийлебейт.
Шерине