Билим берүү жана илим министрлиги орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн билимин сыноочу "Алтын тамга" тестирлөөсүн жоюуну көздөөдө. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 17-февралдагы жыйынында депутат Гүлкан Молдобекованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"ЖРТдан жогорку упай бербесең, "Алтын тамга" албасаң, кызматтан кетесиң" дегени жергиликтүү бийлик башчыларынын билим берүү системасында иштеп жаткан жетекчилердин басмырлоосу деп ойлойм. Анткени жакында "Алтын тамга" жоюлат. Ал эч кандай жеңилдик бербейт. Кызыл аттестат гана калат. Анан жалпы республикалык тестирлөө калат, жетет ушул. ЖРТ бул жогорку окуу жайга өтүүнү тастыктай турган тапшыруу, ал билимди баалабайт", - деди Кендирбаева.
Министр ошол эле учурда айрым мектеп директорлору "төмөн упай алып, мектептин аброюн түшүрөсүң" деп балдарды ЖРТга кийирбей койгон учурлары бардыгын кошумчалап, муну "баланын укугун басмырлоо" деп сыпаттады.
Бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин сынаган "Алтын тамга" тести 2011-жылы киргизилген. "Алтын тамга" тести 11-классты жалаң 5 деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.(ZKo)
Шерине