Украинанын делегациясы Сауд Арабиясында өтө турган АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнө катышпайт. Бул тууралуу украин президент Владимир Зеленский Абу-Дабиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Бизге тиешелүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө катышпасак, андай сүйлөшүүнү тааный албайбыз. Ошондой эле биз мындай макулдашууларды тааныбайбыз " – деди ал Абу-Дабидеги маалымат жыйынында.
Ал кошумчалагандай, расмий Киев АКШ менен Орусиянын Сауд Арабиясында 18-февралда өтө турган сүйлөшүүлөрүнөн кабарсыз болгон.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, Орусиянын делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жетектейт. АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц жана атайын өкүл Стив Уиткофф катышары буга чейин кабарланган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага байланыштуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Зеленский сөзсүз түрдө катышарын билдирген.
"Украина сүйлөшүүлөргө катышат. Биз эч качан аларды сыртта калтырбайбыз," – деп Трамп Флоридада Daytona 500 автожарышын көрүп жатканда айтты.
Bloomberg агенттиги АКШ администрациясы Пасха майрамына (20-апрелге) чейин убактылуу ок атышууну токтотууга жетишүүнү көздөп жатканын маалымдады.
"Биз олуттуу прогресске жетебиз деп үмүттөнөм," – деди Жакынкы Чыгыш боюнча АКШнын атайын өкүлү Уиткофф Fox News телеканалына берген маегинде.
Зеленский өзү сүйлөшүүлөргө катышууга каршы экенин жана аларды өткөрүүдөн мурун бардык союздаштар менен стратегияны түзүү үчүн кеңешүү керек экенин буга чейин да айткан. Ал NBC телеканалына берген интервьюсунда Украинага байланыштуу АКШ менен Орусиянын ортосунда кандай гана чечим болбосун эч качан кабыл албастыгын билдирди.
Зеленский ошондой эле согуштун Украинага тийгизген оор кесепети тууралуу айтып, 2022-жылдын февраль айынан бери Украина 46 миң жоокерин жоготуп, 380 миңи жаракат алганын маалымдады. Орусия өз жоготуулары тууралуу маалымат бербейт, бирок Батыш эксперттери 600 миңден ашык жоготууга учураганын айтып келет.
Зеленский Жакынкы Чыгышка жасаган сапарынын алкагында Сауд Арабиясына жана Түркияга барары күтүлүүдө. Зеленскийдин ал жакта Орусия жана АКШнын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган эмес. Бул тууралуу Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко билдирди. Анын айтуусуна караганда, Сауд Арабиясында украин өкмөттүк делегациясы ишкерлер менен жолугушууларды өткөрөт.
Шерине